«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды
«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин катышуусунда окуунун жыйынтыгы менен ийгилик жараткан окуучулардын ар бирине ноутбук тапшырылды.
Мындай иш-чараны Альянс Алтын өнүктүрүү фонду демилгелеп, окуучулардын билим алуусуна стимул берүү берүү максатында уюштурду.
Эске салсак, быйылкы окуу жылынын жыйынтыгы менен Талас облусунан 8 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болушкан. Ийгилик жараткан ар бир окуучуга буга чейин Альянс Алтын өнүктүрүү фонду ноутбук белекке берүүнү убадалаган.