«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

«Альянс Алтын» Талас районундагы өрттү өчүрүүгө жардам берди

Талас районундагы Кара-Ой менен Сасык-Булак айылдарынын ортосундагы өрттү өчүрүүгө «Альянс Алтын» кен ишканасы жардам берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Кара-Ой айылынын тургундары 20-мартта өздөрүнүн айылы менен Сасык-Булак айылынын ортосунда өрт чыкканын билдиришкен. Жарандардын айтымында, өрт бат эле куураган өсүмдүктөргө жайылып, Талас дарыясынын жанындагы алма бакка жеткен.

«Альянс Алтын» ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин аркасында өрттү локалдаштырууга жана анын андан ары жайылышын алдын алууга мүмкүн болду.

«Жергиликтүү тургундар «Альянс Алтын» компаниясынын техникасы тегеректеги өрттөрдү өчүрүү үчүн көп жолу колдонулуп жатканын белгилешүүдө.Алардын айтымында, мындай колдоо болбогондо кесепеттери мындан да оор болушу мүмкүн эле», - деп кошумчалашты компаниядан.

Белгилей кетсек, өрт локализацияланып, жарым сааттын ичинде өчүрүлгөн. Алдын ала версия боюнча өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан; жабыркагандар болгон жок.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”