“Альянс Алтын” фонду Таластын коммуналдык кызматына 5.6 млн сомго атайын жабдууларды сатып берди

“Альянс Алтын” фонду Талас шаарынын коммуналдык кызматкерлерине 5,6 миллион сомго атайын жабдууларды сатып алууга жардам берди
Талас шаарындагы «Таза Суу» муниципалдык ишканасы паркын жаңы техника менен толуктады – суу чарба тармагынын муктаждыктары үчүн көлөмү 18 м³ болгон Howo канализациялык унаасы сатылып алынды. Атайын техниканын баасы 5 миллион 650 миң сомду түздү, деп билдирет Талас мэриясы.
Шаардык муниципалитеттен билдиришкендей, демилге президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондуна жөнөтүлдү. Каржылоо кайтарымдуулук негизде берилет.
"Жаңы машина тейлөө сапатын жогорулатып, саркынды сууларды чыгаруу жана дренаждык системаны тейлөө боюнча натыйжалуу иштерди камсыз кылат. Ишкананын техникалык базасын чыңдоо иштери улантылат", - деп баса белгиледи мэрия.