«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас медициналык колледжинин имаратын оңдоого жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас медициналык колледжинин имаратын оңдоого жардам берди

Талас медициналык колледжинин имаратынын фасады «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жаңыланды. Ишке 3,5 миллион сом бөлүнгөнүн фонддун маалымат кызматы билдирди.

Талас медициналык колледжинин директорунун милдетин аткаруучу Мээрим Малдыбаеванын айтымында, имарат 70 жыл мурун курулуп, бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

«70 жылдан бери бул жерде эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Фонддун жардамы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Имараттын фасадын оңдоп, тосмолорун жаңыртканга жардам беришти. Бул иштердин аркасында колледждин имараты заманбап көрүнүшкө ээ болду», - деди ал.

Фонд «Альянс Алтын» алтын өндүрүүчү компаниясынын ишмердүүлүгүнөн каржыланат. 2015-жылдан бери компания фондго 1,2 миллиард сом которгон. Бул каражат мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорттук имараттарды, маданий демилгелерди, жолдорду жана жарыктандыруу системаларын курууга жана колдоого жумшалды.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтому менен шаардагы эркин экономикалык зонанын аймагындагы "Аэродромдун" 30 гектар жери "Т." ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Прокурордук чаралардын натыйжасында

Ишкер Media
Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти. Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты. "Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен

Ишкер Media
Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы каттам "Биримдик Кут" конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат. Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Жаңы каттам аталган аймактардын тургундары

Ишкер Media
1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган. Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген

Ишкер Media