Айыл чарбадагы рекорддор

Айыл чарбадагы рекорддор

Кыргызстанда 2025-жылы айыл чарба тармагында бир катар рекорддук көрсөткүчтөр катталды. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Сузак районундагы Фермерлерди тейлөө борборунун ачылышында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун натыйжасында кыргыз фермерлери быйыл бир нече тармакта рекорддук көрсөткүчтөрдү көрсөтүшкөн. Алсак,

  • Жайыл районунда гектарынан 120 тонна помидор алынып, дүйнөлүк рекорд коюлду;
  • Лейлекте гектарынан 113 тонна пияз жыйналды;
  • Манас районунда гектарынан 120 тоннага чейин болгар калемпири өндүрүлдү;
  • Кочкордо гектарына 35 тонна картошка түшүмү жыйналган;
  • Ак-Талаадагы фермерлер “Ангус” породасында жогорку натыйжа көрсөтүштү — 10 айлык торпок 100 миң сомдон сатылып, эң чоң буканын салмагы 1,5 тоннага жетти.

Төрөбаев белгилегендей, айыл чарбаны өнүктүрүүдө бир катар артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Алардын катарында, Санариптик “Фермерди тейлөө борборлорунун” системасын түзүү, “Акылдуу” ирригация системасын киргизүү, айыл чарбадагы чийки заттарды кайра иштетүүнү кеңейтүү, “Талаадан – дүйнөгө” долбоору аркылуу экспортту күчөтүү бар.

Министрдин айтымында, бул иш-чаралардын натыйжасында Кыргызстандын айыл чарбасы экспортко багытталган, инновациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү тармакка айланат.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет. Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт. Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык,

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке