Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам көрсөттү

Кыргызстан Афганистанга гуманитардык жардам көрсөттү

Афганистандын табигый кырсыктардан жабыркаган калкына Кыргызстан кезектеги гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Гуманитардык жүктүн курамына 130 тонна азык-түлүк, 2 миллион сомдук балдардын жылуу кийим-кечелери жана зарыл болгон күнүмдүк товарлар кирген.

Мазари-Шариф шаарында гуманитардык жардамды тапшыруу аземи
өткөрүлүп, ага катышкан Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов гумжардам Афганистандын Кунар провинциясындагы Нургал районунда 31-августта болгон жер титирөөдөн жабыркаган калкка багытталгандыгын билдирген.

Эске салсак, 6 баллдык зилзаланын кесепетинен Афганистандын 2200 ашуун жараны каза болуп, миңдеген адамдар үй-жайсыз калышкан.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтому менен шаардагы эркин экономикалык зонанын аймагындагы "Аэродромдун" 30 гектар жери "Т." ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Прокурордук чаралардын натыйжасында

Ишкер Media
Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти. Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты. "Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен

Ишкер Media
Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы каттам "Биримдик Кут" конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат. Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Жаңы каттам аталган аймактардын тургундары

Ишкер Media
1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган. Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген

Ишкер Media