Мыйзамсыз ичимдик чыгарган жай табылды
Бишкек шаарында контрафакттык алкоголдук продукцияларды өндүргөн мыйзамсыз цех аныкталды. Цех Свердлов районундагы Молодежный көчөсүндө жайгашкан.
Мамлекеттик салык кызматы берген маалыматка караганда, рейддик текшерүү алкагында имарат тинтүүгө алынып, 151 бөтөлкө мыйзамсыз алкоголдук продукция жана эски үлгүдөгү акциздик маркалар табылган.
Цехтин ээлери продукцияны жок кылууга аракет кылып, качып кетишкен. Салыктык көзөмөлгө тоскоолдук көрсөтүлгөнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына каттоо үчүн милиция кызматкерлери чакырылган жана Салык кызматынын инспекторлору тиешелүү актыларды түзүшкөн.

