Парламенттик шайлоого 4 млн 287 миң адам катышат
БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров «Азаттыкка» берген маегинде 2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 4 млн 287 миң шайлоочу катталганын билдирди.
Анын айтымында, шайлоо мыйзамына ылайык өлкөдө жалпы 30 шайлоо округу белгиленген жана ар бир округдан 3төн депутат шайланат. Болжол менен ар бир шайлоо округунан добуш берүүгө 142 900дөн шайлоочу катышат. Жаңы шайлоо мыйзамы боюнча талапкерлердин күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго чейин жогорулап, үгүтчүлөрдүн саны 500 миңден 1000ге чейин көбөйтүлдү.