Үч-Коргон суу сактагычы ишке кирет
Үч-Коргон суу сактагычынын курулушу 95 пайызга аяктаганын жана ал келерки жылдан тарта толук кандуу ишке кирерин Жерлерди сугарууну өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча директор Муса Имаров билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында Тоң районунда 4113 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшырып, жаңы 817 гектар сугат жерди өздөштүрүүгө жардам көрсөтүлөт.
Суу сактагычтын жалпы сыйымдуулугу 4,3 млн метр куб болсо, дамбанын узундугу 592 метр, бийиктиги 15 метр.
Буга улай М.Имаров Ара-Бел дарыясынын өрөөнүндө да курулуш иштери жүрүп жатканын айтат. Аталган долбоор ишке ашса Жети-ӨгУз, Дархан, Жеңиш, Жаргылчак айылдары сугат суу менен камсыз болушат. Курулуш иштери аяктаган соң Жети-Өгүз районунда кошумча 1279 гектар жер сугарылат.
«Ошондой эле бул райондо 36 километр магистралдык канал жана 43 километр ички канал курулат», – дейт ал.