Аймактарга чөп үрөндөрү акысыз таратылууда

Аймактарга чөп үрөндөрү акысыз таратылууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын күзгү себүү иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сомго жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин үрөнүн сатып алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үрөндөр Ветеринария, Мал чарбасын өнүктүрүү, Жайыт жана тоют кызматы тарабынан өлкөнүн бардык аймактарына акысыз таратылууда.

Жалпысынан 173 292 кг чөптүн үрөнү 9650 гектар кунарсыз жайыт жерлерин жакшыртууга багытталган.

"Үрөндөр Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Талас облустарына жеткирилди. Учурда Ысык-Көлдө таратылып жатат",-деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, демилге жайыттардын түшүмдүүлүгүн арттырып, мал чарбасын тоют менен камсыздоону жакшыртат.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 173,9 млн доллар сатып, эң чоң интервенция жүргүздү

Улуттук банк 173,9 млн доллар сатып, эң чоң интервенция жүргүздү

Улуттук банк 10-ноябрда жыл башынан бери эң ири валюталык интервенцияны жүргүзүп, банктар аралык валюта рыногуна 173,9 млн доллар сатты.  Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, бул сумманын 65,3 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү, ал эми 108,6 млн доллары башка күнгө эсептешүү менен сатылган. Ошентип, 2025-жылдын башынан бери Улуттук

Бишкекте 35 млн сомго Россия-Кыргызстан биргелешкен мектеби курулат

Бишкекте 35 млн сомго Россия-Кыргызстан биргелешкен мектеби курулат

МинКаб  төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкекте курула турган мектептин долбоору менен таанышканын МинКабдин маалымат кызматы билдирди. Маалымат кызматынын билдиришинче Кыргызстанда биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү шарттары боюнча макулдашууларды ишке ашыруу максатында 9 жер участогу аныкталган.  Адылбек Касымалиев менен Алексей

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 310 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы 10 айда 310 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы быйыл январь-октябрь айларында салык жана социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн пландан ашык чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 10 айдын жыйынтыгы боюнча жалпы 310,4 млрд сом каражат чогултулду. Пландык көрсөткүч 104,3%га аткарылып, 12,

Бишкекте мыйзамсыз турак үй сатууга аракет кылган компаниянын иши токтотулду

Бишкекте мыйзамсыз турак үй сатууга аракет кылган компаниянын иши токтотулду

Кечээ, 10-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкекте мыйзамсыз иш жүргүзгөн компанияны аныктады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Arcon” ЖЧКсы курулушка уруксат кагаздары жок, реестрге катталбаган жана социалдык тармактар аркылуу турак үйлөрдү сатууга аракет кылганы белгилүү болду. Натыйжада министрлик компаниянын