Аймактарга чөп үрөндөрү акысыз таратылууда

Аймактарга чөп үрөндөрү акысыз таратылууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдын күзгү себүү иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сомго жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин үрөнүн сатып алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Үрөндөр Ветеринария, Мал чарбасын өнүктүрүү, Жайыт жана тоют кызматы тарабынан өлкөнүн бардык аймактарына акысыз таратылууда.

Жалпысынан 173 292 кг чөптүн үрөнү 9650 гектар кунарсыз жайыт жерлерин жакшыртууга багытталган.

"Үрөндөр Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Талас облустарына жеткирилди. Учурда Ысык-Көлдө таратылып жатат",-деп айтылат маалыматта.

Министрликтин маалыматына ылайык, демилге жайыттардын түшүмдүүлүгүн арттырып, мал чарбасын тоют менен камсыздоону жакшыртат.

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтому менен шаардагы эркин экономикалык зонанын аймагындагы "Аэродромдун" 30 гектар жери "Т." ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Прокурордук чаралардын натыйжасында

Ишкер Media
Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти. Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты. "Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен

Ишкер Media
Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы каттам "Биримдик Кут" конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат. Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Жаңы каттам аталган аймактардын тургундары

Ишкер Media
1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган. Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген

Ишкер Media