Ак-Сууда 182 млн сомго мектеп курулууда
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылында наркы 182 миллион сомду түзгөн жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Курулуп жаткан эки кабаттуу мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Жалпы аянты 1868 чарчы метрди түзгөн билим берүү имаратынын курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Азыркы тапта мектептин дубалы тургузулууда.