Бишкекте жаңыланган "Баластан" бала бакчасы ачылды
Бүгүн Бишкекте №60 "Баластан" бала бакчасынын жаңыланган имараты ачылды. Эки кабаттуу мекеме 140 орунга ылайыкталып, 280 бала тарбияланат.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, имараттын жалпы аянты 1363 чарчы метр. Бакчада медициналык кабинет, ашкана, актовый зал, оюн жана уктоочу бөлмөлөр бар. Имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттар түзүлгөн. Мекеменин айланасы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө оюн аянтчалары уюштурулган.
Курулуш иштерин "Бийик КЖ" ЖЧК аткарган. Белгилей кетсек, имарат 1982-жылы курулуп, мурда айыл чарба институтунун лабораториясы катары пайдаланылган. 2024-жылдын 1-ноябрында расмий түрдө бала бакча макамы берилип, толугу менен оңдолду.


