"Кыргызстан аэропорттору" 9 айда 4,5 млн жүргүнчү тейледи
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстандын аэропорттору 4,5 миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлеген. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын жетекчиси Манасбек Самидинов бүгүн жарандык авиация кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо учурунда билдирди.
"Манас менеджмент компаниясы" 20 000 тоннадан ашык жүктү тейлеп, Кыргызстандын эл аралык аба ташуу рыногундагы позициясын бекемдөөдө", - деди ал.
Ошондой эле Самидинов белгилегендей, бул аралыкта 38 миңден ашык каттам тейленген.