Кыргызстанда пенсия жогорулады
Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 1-октябрдан тартып пенсияларга индексация жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымдагандай:
– Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейин болгон пенсиялар 10%га жогорулады, 600 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйөт.
– Пенсиясы 50 000 сомдон ашкан пенсионерлердин пенсиясы 5 000 сомго жогорулады.
– мыйзамда белгиленген өзгөчө учурларды эсепке албаганда, жалпы пенсиянын көлөмү (бардык кошумчаларды эске алуу менен) 7100 сомдон төмөн болбойт.
2025-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 818,7 миң пенсионер бар. Индексациядан кийин орточо пенсиянын көлөмү 11 226 сомду түздү.