МИК: Ипотекалык батирлердин баалары

МИК: Ипотекалык батирлердин баалары

Ипотекалык батирлердин баасы алардын жайгашкан аймагына жана чарчы метрине жараша аныкталат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мырзагүл Сардарбекова “Кабар” агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкектеги Маликов көчөсүндөгү жана Кустанай жана Волков көчөлөрүнүн кесилишиндеги батирлердин чарчы метри — 78 705 сом. Ал эми “Ынтымак” турак жай комплексинде — 87 450 сом, Күн-Туу айылында — 83 078 сом.

Сардарбекова белгилегендей, батирлер үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн санына жана кирешесине жараша бөлүштүрүлөт, бирок кезекте турган жарандарга кайсы батир кимге туура келерин алдын ала айтуу мүмкүн эмес.

Ошондой эле ал жарандар батирлердин актуалдуу бааларын МИКтин rasmiy.mik.kg сайтынан көрө алат.

Анын айтуусунда, баа саясаты бир топ факторлорго байланыштуу өзгөрүп турат.

“Эртең чарчы метрдин баасы канча болорун так айта албайбыз. Бул саясаттагы өзгөрүүлөргө, товарлардын баасына жана дүйнөлүк кырдаалга жараша өзгөрүп турат”, — деди Мырзагүл Сардарбекова.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботторду чыгаруу жагынан алдыда

Кытай адам сымал роботтордун дүйнөлүк рыногунда үстөмдүк кылып, орнотулган роботтордун 80%дан ашыгы ушул өлкөгө туура келерин South China Morning Post билдирет. Маалыматка ылайык, AgiBot жана Unitree компаниялары Кытайга 2026-жылы дүйнөлүк рыноктун чоң бөлүгүн ээлөөгө жардам берет, ал эми 2027-жылга карата рыноктун көлөмү алты эсе өсөт. Counterpoint компаниясынын маалыматына ылайык,

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

ОПЕК Кыргызстандын суу тармагына каражат бөлөт

Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча ОПЕК (Мунай экспорттоочу өлкөлөр тарабынан мунай өндүрүү квоталарын көзөмөлдөө максатында түзүлгөн эл аралык өкмөттөр аралык уюм) фонду ортосунда түзүлгөн кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору киргизилди.   "Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк (1-фаза)" программасын каржылоого тиешелүү бул документке

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке