Тазалык үчүн мелдеш: баш байге — HOWO унаасы

Тазалык үчүн мелдеш: баш байге — HOWO унаасы

Улуттук тазалык күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн эң таза аймактарын аныктоо боюнча конкурс жарыялады.

Аталган министрликтен билдиришкендей, сынакта «Эң таза шаар» жана «Эң таза айылдык аймак» деген 2 номинация каралган.

Конкурстун жеңүүчүлөрү төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
Калктын, ыктыярчылардын жана уюмдардын кеңири катышуусу;
Тазаланган аймактын көлөмү (тоо, мөңгү, коомдук жайлар ж.б.);
Калдыктарды бөлүп чогултуу жана кайра иштетүүгө берүү;
Тазалыкты колдогон көрнөк-жарнактар (LED-экрандар, билборддор ж.б.);
Агартуу иштери жана маалыматтык кампаниялар;
Жашыл көчөттөрдү отургузуу иштери;
Үлгүлүү таштанды полигондору жана кайра иштетүүчү ишканалар;

Бардык көрсөткүчтөр фото-видео материалдар жана документтер менен тастыкталышы шарт. Министрликтин кызматкерлери жеринде текшерүү жүргүзөт.

1-орунду  —  таштанды ташуучу унаа (HOWO)
2-орун — сорттоо линиясы

Мындан тышкары окуңуз

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчыда 484 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз берилип кеткен жерлерди аныктоо максатында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалым болгондой, текшерүүдө 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтому менен шаардагы эркин экономикалык зонанын аймагындагы "Аэродромдун" 30 гектар жери "Т." ЖЧКсына мыйзамсыз берилип кеткени аныкталган. Прокурордук чаралардын натыйжасында

Ишкер Media
Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

Бишкек менен Прагага түз аба каттамын ачуу талкууланды

«Кыргызстан аэропорттору» ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов менен Чехиянын транспорт министри Иван Беднарик жолугушту. Бул тууралуу 15-октябрда мекемеден билдиришти. Анын жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Праганын ортосунда түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү маселелери талкуулашты. "Сүйлөшүүлөрдөн соң Чехиянын делегациясын жаңыланган «Манас» эл аралык аэропорту менен

Ишкер Media
Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирет

2026-жылдын 15-октябрынан тарта Бишкекте №37 жаңы автобус каттамы каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы каттам "Биримдик Кут" конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырат. Каттамды ишке киргизүү коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Жаңы каттам аталган аймактардын тургундары

Ишкер Media
1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган. Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген

Ишкер Media