Суу сактагычтарда балык уулоого тыюу салынды

Суу сактагычтарда балык уулоого тыюу салынды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар улуттук суу сактагычтарда үч жылга балык уулоого убактылуу тыюу салуу  токтомуна кол койду.

Мындай чечим балыктарды сактоо жана аларды көбөйтүү шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Мораторий Токтогул, Базар-Коргон, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана Киров суу сактагычтарына тиешелүү.

Бул суу сактагычтарды байырлаган балыктын бардык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана экспорттоого тыюу салынат. Ошону менен бирге эле мораторийде балыкты тордо өстүрүүгө, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого, балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүүгө, илимий изилдөөлөрдү жана ихтиологиялык мониторинг жүргүзүүгө уруксат берүү каралган. 

Мындан тышкары окуңуз

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлдү

10-ноябрга карата республика боюнча аз камсыз жана жакыр үй-бүлөлөр менен 12 201 социалдык келишим түзүлгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.  Программанын максаты — аярлуу үй-бүлөлөргө өз ишин өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктан чыгууга багытталган даректүү колдоо көрсөтүү. Социалдык келишимдин катышуучуларынын бизнес-программалары айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда ишке

Кытайга 60 тонна кыргыз балын экспорттоо келишими түзүлдү

Кытайга 60 тонна кыргыз балын экспорттоо келишими түзүлдү

Кыргызстандан Кытайга 60 тонна табигый бал жеткирүү боюнча келишимге кол коюлганын “Кабар” маалымат агентигине  "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунан билдиришкен.  Маалыматта келишим кыргызстандык Dary Tyan-Shanya LTD компаниясы менен кытайлык Wuhan Yangluo Port Service Co., Ltd. компаниясынын ортосунда түзүлгөнү айтылат. Мындай бир пикирге келишүү Айыл чарба министрлиги,

Өлкө боюнча күзгү эгин айдоонун 33%ы аткарылды

Өлкө боюнча күзгү эгин айдоонун 33%ы аткарылды

2026-жылдагы түшүм үчүн өлкө аймагында күзгү эгиндерди айдоо жалпы 250 миң гектар аянтка пландалган. 2025-жылдын 10-ноябрына карата пландын 33 %ы — 81 640 гектар эгин себилди. Күзгү эгиндердин негизги түрлөрү — буудай жана арпа. Айдоо иштери бардык аймактарда жүрүп жатат, айыл чарба техникалары жана үрөн материалдары толук тартылган. Жер иштетүү оптималдуу агротехникалык

Майлуу-Сууда 22,45 млн сомго электр тармактарынын заманбап имараты салынды

Майлуу-Сууда 22,45 млн сомго электр тармактарынын заманбап имараты салынды

8-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактарына караштуу Майлуу-Суу район электр тармактарынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, министр сөзүндө жаңы имараттын энергетиктерге сапаттуу шарт түзөрүн жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр менен камсыздоого өбөлгө болорун белгиледи. Жаңы имарат эки кабаттан туруп, 45 жумушчу орунга ылайыкташкан, электр жабдыктарды сактоочу