Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды

Бишкектеги таштанды заводу качан ачылары айтылды

Бишкекте курулуп жаткан таштанды заводу ушул жылдын 28-декабрында ачыларын шаар мэри Айбек Жунушалиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

“Завод таштандыны бир айда иргеп, кургатып, өрттөөгө даярдайт. Андан электр кубаты өндүрүлөт. Иш башталганда суткасына 460 мегаватт электр энергиясын өндүрүп, анын 410 мегаваттын шаарга берет, ал эми 50 мегаватт өзүндө калат. Завод кубаттуулугун суткасына 750 мегаваттка чейин көбөйтөт”, — деди Жунушалиев.

Маалым болгондой, мындай типтеги ишкана Борбор Азияда алгачкы жолу курулууда. Завод суткасына 1000 тонна таштандыны кайра иштетүүгө жөндөмдүү. Келечекте бул көлөмдү 3000 тоннага чейин жеткирүү пландалууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду