Бишкекте акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты.
Улуттук банктын маалыматына караганда, Бишкек шаарында жайгашкан "Салман МК" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду.
Тактап айтканда, аталган бюронун иши 11-ноябрдан тартып 25-ноябрды кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу