Кыргызстанда корей салаттарынын өндүрүшү жанданууда
Ноябрь айында Кыргызстанда корей салаттарын өндүрүүгө адистешкен "Айджен Компани" ЖЧКсы өндүрүшүн кеңейтип, күнүнө 2 тонна жашылчаны кайра иштетүүгө өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.
Компания 18 жылдан бери агроөнөр жай тармагында иш алып барып, азыркы учурда жашылча өстүрүүдөн тартып даяр салаттарды чыгарууга чейин толук өндүрүштүк цикл менен иштөөдө. Ишкананын карамагында 70 сотых күнөскана жана 9 гектар айдоо жери бар. Негизинен капуста, дайкон, калемпир, батат жана салатка керектелүүчү башка өсүмдүктөр өстүрүлөт.
Жаңы өндүрүш ишке кирген соң, ишкана алты түрдөгү салттуу корей салаттарын чыгара баштайт. Алардын катарында кимчи, кактуги, маныльтэн, танмучи, канжан маныльтэн жана модум чанъаччи бар.
"Айджен Компани" ишке киргизген бул жаңы долбоор өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экспорт мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
2008-жылы негизделген "Айджен Компани" бүгүнкү күндө Кыргызстандагы сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири катары таанылат.