Салык кылмыштарына каршы атайын полиция түзүлөт

Салык кылмыштарына каршы атайын полиция түзүлөт

Мамлекеттик салык кызматы Министрлер Кабинетинин "Укук коргоо органы статусуна ээ болгон салык кызматтарынын функциялары тууралуу" токтомдун долбоорун коомдук талкууга койду. Бул демилге салык органдарынын ишин Салык кодекси менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук шайкеш келтирүүгө багытталган.

Долбоордун негизинде салык кылмыштарына каршы күрөшүү үчүн Мамлекеттик салык кызматынын курамында жаңы башкармалык түзүлөт. Бул башкармалык салык төлөөдөн качуу, акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү сыяктуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу менен алектенет. Ошондой эле, башкармалык укук коргоо жана бажы органдары менен тыгыз кызматташып, ыкчам-аналитикалык иш-чараларды жүргүзөт.

Жаңы түзүлө турган башкармалыктын кызматкерлери укук коргоо органынын статусуна ээ болуп, тиешелүү кепилдиктер менен камсыздалат. Ал эми салык органынын жалпы кызматкерлери өздөрүнүн жарандык кызмат статусун сактап кала беришет. Мындан тышкары, жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин тандоо жана окутуу иштери да салык кызматы менен биргеликте жүргүзүлөт.

Иш жүзүндө бул демилге мамлекеттин финансылык-экономикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана салыктык көзөмөлдү натыйжалуу жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Ошол эле кезде, эгер долбоор кабыл алынбаса, салык көзөмөлүнүн сапаты төмөндөп, укуктук тактыкта көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Башкы прокуратура товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар чынында ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргызстанга алып кирүү схемасын

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев катышты. Тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө механикалаштырылган кызмат көрсөткөн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. МТСтер айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоого, лизингди өнүктүрүүгө жана тармакты техникалык жактан жаңылоого көмөктөшүү максатында 2016-жылдан бери түзүлүп келет. Учурда республикадагы