“Сенин Эко Зарядың” акциясы жыйынтыкталды

“Сенин Эко Зарядың” акциясы жыйынтыкталды

Бүгүн Бишкек шаарынын мэриясы жарыялаган “Сенин Эко Зарядың” акциясынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр менен уюштуруучулардын катышуусундагы салтанаттуу жыйын болуп өттү. Аталган акция мындан жарым жыл мурда экологияны зыяндуу калыктардан сактоо максатында старт алып, ага ордо калаадагы бардык мектептер катышкан. Акциянын шарты боюнча мектеп окуучулары  колдонудан чыккан батареяларды чогултуп, утилизациялоого өткөрүп бериши шартталган - деп билдирди, вице-мэр Рамиз Алиев.

“Экологияга зыяндуулугу боюнча экинчи орунду ээлеген кооптуу калдык – бул батареялар. Анын зыяндуулугу тууралуу окуучуларга айтып гана тим болбостон, атайын акция өткөрүү менен алган билимдерин бышыктайлы дегенбиз. Жарым жыл мурда  жарыяланган “Сенин Эко Зарядың” аттуу акцияга шаардын мектептеринин баары катышты. Ал эми алардын ичинен эң активдүү болуп - №12, №66 жана №21 мектеп аныкталды.”. 

Акцияда ат салышып, алдынкы орунду ээлеген 3 мектепке тең жергиликтүү курулуш компаниялар тарабынан воркаут-аянтчалар салынып берилди. Экологиялык акцияда үчүнчү орунду ээлеген 21-мектептин короосунда эми заманбап, коопсуз, спорттук машыгууларды өткөрүүгө ыңгайлуу болгон аянтча орун алды. “PARTNER” компаниялар тобу тарабынан салынган бул аянтча узак жана пайдага жумшала тургандыгын аталган компаниянын тең-негиздөөчүсү Рафгат Хантимеровдун айтып берди.

“Бул демилгеге колдоо көрсөтүү сунушу берилгенде биз дароо эле макул болдук. Анткени баарыбыздын үйбүлөөбүз жана балдарыбыз бар. Алар үчүн экологиялык жактан таза жана коопсуз курулуш материалдарды колдонуп, воркаут – аянтча салдык. Балдардын коопсуздугу жана саламаттагы баарыбыз үчүн маанилүү. Бул аянтчалар сапаттуу болгондуктан, мектепке көп жылдар бою кызмат кылат.”

Уюуштуруучулардын айтымында орто мектептерди кошо алганда, Бишкек шаары боюнча эскирген батареяларды кабыл ала турган 600дөн ашуун пункт бар. Ошол жерлерге кубаттулугун жоготкон эски батареяларды тапшырып, анын экологияга тийгизген зыянын азайтууга салым кошуу баарыбызга сунушталат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га