Кыргызстанда 30дан ашык мал ылаңына так диагноз коюлат
Кыргызстанда малдын 30дан ашык ылаңына эл аралык стандартка ылайык так диагноз коюуга шарт бар экенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматта Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору мамлекеттик мекемесинин 12 ветеринардык лабораториясы эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, бүгүнкү күндө толук кандуу иш жүргүзүп жаткандыгы айтылат.
Аталган борбордун курамындагы Вирусология жана молекулярдык диагностика бөлүмү заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жаныбарлардын вирустук оорулары боюнча так жана ишенимдүү диагностикалык изилдөөлөрдү активдүү жүргүзүп келет.
Бөлүм шарп, кутурма сыяктуу 30дан ашык ылаңдарды аныктап, так диагноз коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ.