Атамекендик өндүрүүчүлөргө кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү

Атамекендик айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрү үчүн кошумча нарк салыгы 2030-жылдын 1-январына чейин 80%га төмөндөтүлгөнүн “economist.kg” сайты жазды.
Мындай чечим агроөнөр жай комплексин колдоого жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн МинКаб тарабынан кабыл алынган.
Токтомго ылайык, салыктын төмөндөтүлгөн чени киргизилген айыл чарба продукцияларынын тизмеси бекитилди. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү, Экономика, Финансы министрликтерине жүктөлдү.