Быйыл Ысык-Көл облусуна 2 млн 334,3 миң турист келди

Быйыл Ысык-Көл облусуна 2 млн 334,3 миң турист келди

Быйыл июнь-август айларында Ысык-Көл облусуна келген туристтердин саны 2 млн 334,3 миңди түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин Керектөө рыногунун статистикасы башкармалыгынын башчысы Люксина Текеева маалымат жыйынында билдирди.

Анын билдиришинче облус аймагында быйыл уюштурулбаган туристтерди кабыл алган 6 миң 330 үй чарбасы бар экени аныкталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу субъектилердин саны 14 пайызга өскөнүн билдирет.

“2025-жылдын июнь-август айларында жалпы республикага 3 млн 533 миң турист келген. Жалпы туристтердин 9,5%ы Чүй облусуна, 7,5%ы Ош шаарына, 3,6% Ош облусуна туура келет. Туристтик агымдын өсүшү транспорт тутумунун жакшырышына жана шаар четиндеги туристтик комплекстердин активдүү өнүгүшүнө байланыштуу", - деди ал.

Текеева уюшулган жана уюштурулбаган сектордо жайгаштырылган туристтердин саны өткөн жылдын жай мезгилине салыштырмалуу 1 млн 200 миңге, же 2,6%га көбөйгөнүн баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 18-февралда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган делегация катышты. Жолугушуунун

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти. Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды. 10-февралдан

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

Ат-Башы районунда сапаттуу Голландия картошкалары көбөйтүлөт

"Агродиалог-2026" форумунда Ат-Башы районунун дыйканы Алтынбек Айбашев картошка өстүрүү багытында туруктуу иштеп, 2023-жылдан бери Голландиядан алынып келинген супер, супер элита картошка уруктарын колдонуп, сапаттуу жана тектүү сортторду көбөйтүп жатканын билдирди. "Учурда чарбада супер, элита, супер элита категориясындагы сильвана, коломба, камелия, бедис, челенжер картошка уруктары бар. Бул уруктар