Россиядан 3% жеңилдетилген насыяга 40 тонна буудай үрөнү алынды

Россиядан 3% жеңилдетилген насыяга 40 тонна буудай үрөнү алынды

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы №416-токтомуна ылайык, республикада үрөнчүлүк жана питомник чарбаларын туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштыруу жана жаңылоону өз убагында жүргүзүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Учурда жеңилдетилген 3% насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын “Щёлково Агрохим” компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алынып келүүдө. Кийинки жылдары бул үрөндөрдүн көлөмү көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге жайылтылат.

Ошондой эле үрөндөрдү сыноо жана адаптациялоо иштери агрохимиялык жана лабораториялык борборлордо жүргүзүлүп, Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайыктуу сорттор тандалып алынууда.

Бул демилге айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүүгө жана агрардык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү өндүрүштү түзүүгө шарт түзөт.

Министрлик үрөнчүлүк тармагындагы реформаларды улантып, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү жана фермерлерге сапаттуу үрөн материалдарын жеткирүү боюнча иштерди системалуу жүргүзүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулган объект демонтаждалды

Октябрь районунда, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында  Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган. Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 18-февралда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган делегация катышты. Жолугушуунун

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Баткендик жарандан 111 миң алимент өндүрүлдү

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин төрт балалуу келинге алимент өндүрүлүп берилгенин Акыйкатчы институтунан билдиришти. Январь айында акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну алимент өндүрүүгө жардам сурап кайрылган. Анда ал жолдошу менен үч жыл мурда ажырашканда Кадамжай райондук соту алимент төлөөгө милдеттендиргенин айткан. Алимент ай сайын ар бир балага 3 148

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда

19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды. 10-февралдан