Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо 130 млрд сомго жетет

2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалып жатканын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүнРеспубликалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылышында билдирди.  

Анын айтымында, өлкөдө буга чейин жылына 600гө жакын объект курулса, 2025-жылы мамлекеттик каржылоонун эсебинен 3 миңден ашуун объект курулат жана анын 32си медициналык мекемелер болот.  

"Акыркы эки жылда саламаттыкты сактоонун бюджети 22ден 49 млрд сомго чейин өстү. Гемодиализге эле 2025-жылы 2,5 млрд сом бөлүндү, ал 2022-жылы 300 млн сом гана болчу. 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 130 млрд сомго жеткирүү пландалып жатат", - деп белгиледи А.Касымалиев.

Мындан тышкары окуңуз

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди. Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында бир катар документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

“Росатом жаңылануучу энергия” ААКнын башкы директору Григорий Назаров “Росатом” Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) 2026-жылы куруууну пландап жатканын билдирди.  “Биз ноябрь айында станцияны туташтыруу боюнча техникалык шартты алдык, бул бизге объектти деталдуу долбоорлоого киришүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жалпы пландаштыруу, аянтча, туташтыруу схемалары аныкталды. Биз так параметрлерди

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин  жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3%) чейин өсүшүн өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди. "2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда