Адылбек Касымалиев Кыргызстан ИДПсы жана экспорттун көлөмү жогорулаганын билдирди

Бишкекте Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен өлкөнүн ИДПсы 10% өсүп, 1,2 трлн сомду түзгөнүн айтты.
“Мунун ичинде айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү 348,4 млрд сомду түзүп, 0,9 %дык өсүү темпин сактады. Ошол эле учурда: кайра иштетүү, тамак-аш продукцияларын өндүрүү ИДПда 40,1%ды, курулуштар 34,8%ды түздү. Мындан сырткары, айыл чарбасынын кошумча дүң наркы 115,6 млрд сомго жетип ИДПдагы үлүшү 9,3% болду”, — деди ал.
Буга улай Адылбек Касымалиев Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык товарларга чет өлкөлөрдүн кызыгуулары күчөгөндүгүн айтып, экспорттун көлөмү жогорулаганын билдирди.