Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан багыты боюнча алгачкы контейнердик поезд каттамы ишке кирди

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Тажикстан багыты боюнча алгачкы контейнердик поезд каттамы ишке кирди

Поезд Кытайдын "Ланьчжоу" станциясынан чыгып, Душанбе-2 станциясын көздөй жөнөгөнүн Podrobno.uz жазды.

Курам 3,5 миң чакырымдан ашык аралыкты 18–20 күндө басып өтөт. Бул жаңы каттам аймактык транспорттук коридордун маанилүү бөлүгү болуп калды.

Долбоор UTK International Logistics Co. Ltd биргелешкен ишканасы тарабынан ишке ашырылды. Компания Кытайда "Узтемирйулконтейнер" акционердик коому менен бирге түзүлгөн. Өзбекстандык тарап негизги тең уюштуруучу болуп, жүктү ташууну уюштурган.

Поезддин курамына эл керектөөчү товарлар жана курулуш техникасы жүктөлгөн сегиз даана 40 футтук контейнер кирген.
Бул маршруттун ишке кириши 2025-жылы Душанбе шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын лидерлеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын практикалык уландысы болду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Бишкекте "Ырыс-Ордо" конгресс-борбору пайдаланууга берилди

Президент Садыр Жапаров кечээ Бишкек шаарындагы "Ырыс-Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы иш-чарада сөз сүйлөп, жаңы конгресс-борбор өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүн жана өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырган заманбап Кыргызстандын жаңы символдорунун бири болорун белгиледи. Президенттин

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.