Кыргызстан кайра иштетүү тармагында 900дөн ашык жумуш орундары түзүлдү

Кыргызстан кайра иштетүү тармагында 900дөн ашык жумуш орундары түзүлдү

 Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы 2025-жылы тарыхый өсүшкө жеткенин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкесиинде билдирди. 

 Анын айтымында, өнөр жай продукциясынын көлөмү 75 млрд сомго жетип, 9 айда кайра иштетүү тармагында 31 ири ишкана, 4 соода логистикалык борбор, 68 кооператив, 7 МТС түзүлүп, 900дөн ашуун жаңы жумуш орундары ачылып, эл аралык сапат стандарттарында 32 ишканада киргизилген.  

"Бул – жаңы ишканалардын курулушу, жабдуулардын модернизациясы жана экспорттук кубаттуулуктун артканын билдирет. Кыргызстандын мөмө-жемиштерин, жаңгак, фасоль жана балды кайра иштетүү боюнча ишканалар Евразия, Кытай, Япония жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна экспортту кеңейтип жатышат. 2025-жыл — тарыхый ийгилик-рекорддордун жылы болсо, 2026-жыл — инновациялардын, экспорттун жана туруктуу өсүүнүн жылы болсун!", -деди аталган жарманкеде Бакыт Төрөбаев. 

Мындан тышкары окуңуз

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан багыты боюнча алгачкы контейнердик поезд каттамы ишке кирди

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан багыты боюнча алгачкы контейнердик поезд каттамы ишке кирди

Поезд Кытайдын "Ланьчжоу" станциясынан чыгып, Душанбе-2 станциясын көздөй жөнөгөнүн Podrobno.uz жазды. Курам 3,5 миң чакырымдан ашык аралыкты 18–20 күндө басып өтөт. Бул жаңы каттам аймактык транспорттук коридордун маанилүү бөлүгү болуп калды. Долбоор UTK International Logistics Co. Ltd биргелешкен ишканасы тарабынан ишке ашырылды. Компания Кытайда "

Токмок жана Кара-Балта шаарларына бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу өздөштүрүлбөгөнү ачыкталды

Токмок жана Кара-Балта шаарларына бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу өздөштүрүлбөгөнү ачыкталды

Өлкө казынасынан Токмок жана Кара-Балта шаарларынынын ар бирине 1 млрд сомдон бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү натыйжасыздыгын көрсөткөнүн президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Санжар Жантаев Чүй облусунда аткарылган иштер жана быйылкы жылга пландарды талкуулаган жыйында билдирди. Анын айтымында, Кара-Балтага бөлүнгөн каражатка базар, сейил бактарды көрктөндүрүү, жолдорду оңдоо жана видеокөзөмөл системаларын

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Соода борборунан 36 млн сомдук зер буюмдуарын алдап алып кеткендер кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы борбор калаада өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-декабрында милицияга Т.А. аттуу жаран кайрылып, аз тааныш болгон Ч. жана Н. аттуу аялдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Билдирүүгө ылайык, соода борборлорунун биринде эки аял ишенимге кирип, алдоо жолу менен 36 млн

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Быйылкы жылга карата фитир-садаканын өлчөмү белгиленди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылга карата фитир-садаканын өлчөмүн бекиткенин мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Быйыл ар бир адам үчүн фитир-садака төмөнкү өлчөмдө белгиленди: * 1,6 килограмм буудай — 60 сом; * 1,6 килограмм мейиз — 880 сом; * 1,6 килограмм ун — 90 сом; * 3,2 килограмм арпа — 100 сом; * 1,6 килограмм