"Тазалык" 9 айда 278 703 тонна таштанды жыйнады

Бишкек мэриясынын жыйындар залында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ишинин жыйынтыгы талкууланып, анда мекеме 9 ай ичинде жалпы 278 703 тонна таштанды чогултканы маалым болду.
Ишкана жетекчиси Жолдош Чуштуковдун айтымында, бул өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу 34 миң 943 тоннага көп.
Жыйында акыркы жылдарда мекемеге материалдык-техникалык базаны жаңылоо алкагында 168 атайын техника алынып, жакынкы аралыкта дагы 20 унаа келери айтылды. Ошондой эле “Тазалык” МИси кышка даярдык көрүп, кампаларга туз аралашкан кумду камдап жатышканы маалымдалды.