Салык кызматы 4,6 млн сомдук мыйзамсыз жүктү аныктады
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына жалпы суммасы 4,6 млн сомду түзгөн, коштомо документтери жок товарларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу ведомстводон бидиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөндөн кийин Mercedes Sprinter автомашинасы текшерилип, андан коштомо документтери жок жүк ташуучу унаалар үчүн ар кандай тетиктер табылган. Аталган товарлардын жалпы баасы 2,1 млн сомдон ашык болгон.
Ошондой эле эсепке алынбаган товардын бар экендигине шек жараткан Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа каралган. Аны текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү коштомо документтери жок товарлар — тармактык кабелдер, өрт системасы үчүн датчиктер, акциздик маркасы жок мотор майлары, лак кетирүүчү суюктуктар, оюнчуктар ж.б. табылган. Аныкталган товардын жалпы суммасы 2,5 млн сомду түздү.
Бул автоунаалар айып короо жайына киргизилди. Мыйзамсыз жүктү алып кирүү фактылары боюнча тиешелүү акттар түзүлдү.