Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 9,57 млн сом насыя бөлүндү
Бишкек шаары жана Чүй облусун газдаштырууну колдоо максатында «Жеңилдетилген каржылоо-3» долбоору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» катышып, кредиттөө көлөмү жалпы 200 млн сомду түзөт. 9-октябрга карата республика боюнча 73 каржылоо субъекти 9,57 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит алышкан.
Бул долбоор газдаштыруу иштерин активдүү жүргүзүүгө жана калкка энергетикалык ресурстарды жеткиликтүү кылууга өбөлгө түзөт.