Айыл чарба министрлиги жана Ош облусунун жетекчилери Курултайдагы кайрылууларды талкуулады

Айыл чарба министрлиги жана Ош облусунун жетекчилери Курултайдагы кайрылууларды талкуулады

Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Араван жана Ноокат райондорунда III Элдик Курултайда көтөрүлгөн маселелердин аткарылышын талкуулоо боюнча Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен видео жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жыйынды министрдин орун басары, Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев жетектеп, ар бир райондун жетекчилерине курултайда айтылган маселелерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын берди.

Жалпы 53 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен:

  • 14 — таза ичүүчү сууга жеткирүү боюнча;
  • 23 — ирригация маселесине байланыштуу;
  • калган суроолор кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, чакан ишканаларды ачуу жана жайыт көйгөйлөрүнө байланыштуу болду.

Алмаз Жээналиев жыйындын жыйынтыгында жергиликтүү бийликти элдин ишенимин актай турган иштерди натыйжалуу бүтүрүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араванда жазгы талаа иштерине даярдык боюнча кеңешме өттү

Араван райондук мамлекеттик администрациясында айыл чарба тармагына арналган кеңешме жыйыны болуп өттү. Жыйынга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Жыйында район аймагындагы жазгы талаа иштерине даярдык маселеси каралып,

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын туроператорлору жолугушту

Кечээ Берлин шаарында ITB Berlin 2026 эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын туроператорлору үчүн расмий кабыл алуу уюштурду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Deutscher Reiseverband (DRV)

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонд" айымдарга 12 млрд сом насыя алууга көмөктөшкөн

"Кепилдик фонду" ААК түзүлгөндөн бери ишкер айымдарга жалпы суммасы 12 млрд сомдон ашкан насыя алууга көмөктөшкөнүн фонддун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева билдирди. Маалыматка ылайык, фонд тарабынан берилген жалпы кепилдиктердин 38%ы (4 885) аялдардын бизнесине багытталган. "Ишкер айымдар алган насыялардын жалпы суммасы 12 млрд сомду

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө