Бишкекте профессионалдык спортчулар үчүн “Мүрөк” медицина борбору курулат
    Бишкектин Ленин районунда “Мүрөк” спорттук медицина жана реабилитация борбору курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Борбор профессионалдык спортчулар жана улуттук курама командалар үчүн адистештирилген алгачкы комплекс болуп, спортчуларга толук медициналык текшерүү, дарылануу жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ишке кириши менен чет өлкөгө сапардагы дарылануу чыгымдары кыскарып, спорттук даярдык натыйжалуулугу жогорулатылат.
ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын стандарттарына жооп берген борбордо лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык бөлмөлөр жайгашат. Ал улуттук курамалардын бардык курактык топтору үчүн туруктуу медициналык база катары колдонулат.
Курулуштун аякташы 2026-жылга пландалган.

