Токмоктогу "Космос" кинотеатры 1 млн 550 миң долларга модернизацияланды

Токмоктогу "Космос" кинотеатры 1 млн 550 миң долларга модернизацияланды

Токмок шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн “Космос” кинотеатрынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти.

Долбоордун алкагында РКӨФ 1 млн 550 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул каражат Кыргызстандын кичи жана орто шаарларындагы — Баткен, Чолпон-Ата, Кербен, Араван, Беловодск жана Токмок шаарларындагы алты кинотеатрды реконструкциялоого багытталган.

Кинотеатр 1973-жылы курулуп, көп жылдар бою иштебей турган. Реконструкциянын натыйжасында 400 орундуу зал капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап санариптик жабдуулар жана ыңгайлуу эмеректер менен камсыздалды.

Долбоор шаар тургундары үчүн жаңы маданий мейкиндик түзүп, 200дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, алыскы райондордун тургундары заманбап кинолорду, анын ичинде ата мекендик тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

“Токмоктогу кинотеатр — бул Кыргызстан боюнча бирдиктүү маданий мейкиндикти түзүү боюнча системалык иштин бир бөлүгү,” — деп белгиледи РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media