ИИМ: Шектүү чалууларга ишенбеңиз!
    Ички иштер министрлиги жарандарды жеке маалыматтарын коргоого жана шектүү чалууларга ишенбөөгө чакырат.
Министрликтин билдирүүсүндө белгиленгендей, алдамчылар адамдардын ишенимин колдонуп, экономикалык жана башка түрдөгү зыян келтириши мүмкүн.
“Жеке маалыматыңызды сактаңыз - алдамчылар сиздин ишенимиңизди колдонуп кетпесин. Адамдардын ишенимин пайдаланып, алдамчылык менен алектенгендер мыйзам чегинде жоопко тартылат”, — деп эскертет ИИМ.