Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

Кыргызстанда жаңы биометрикалык паспорттор колдонууга берилди

3-ноябрдан тарта Кыргызстанда 2025-жылкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор колдонууга берилди. Жаңы паспортту алуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт, азыркы паспорттор мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу бойдон калат.

Жаңы документтердин негизги максаттары: мамлекеттик желектин өзгөрүшүнө ылайыкташтыруу, улуттук өндүрүштү күчөтүү, чек арада коопсуздук деңгээлин жогорулатуу жана документтерди жасалмалоодон коргоо.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматына караганда, “Учкун” ААК эми паспортторду жана ID-карталарды толук циклинде чыгарууга мүмкүнчүлүк алды. Бул документтерге жаңы коргоо элементтери киргизилген жана жасалма колдонууга жол берилбейт.

“Жаңы паспорттор чек арадан өтүүнү эсепке алууну жакшыртат, мыйзамсыз миграция жана кылмыштуулук менен күрөштү күчөтөт, ошондой эле миграциялык көзөмөлдүн сапатын жогорулатат”, - деп белгиледи Каныбек Туманбаев.

Мындан сырткары, “Учкун” ААК чет мамлекеттер үчүн паспортторду да чыгарууга мүмкүнчүлүк алган, анын ичинде алгачкы партиясы Намибияга жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда суунун тартыштыгы боюнча пессимисттик сценарий айтылды

Казакстанда суунун тартыштыгы боюнча пессимисттик сценарий айтылды

Бүгүн Казакстанда Суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов өлкөнүн суу менен камсыздалышы боюнча пессимисттик сценарийди сунуштаганын Tengrinews жазды. Нуржигитовдун айтымында, алдыдагы вегетациялык мезгилде Казакстандын түштүк аймактарындагы дарыяларга суу агымы олуттуу түрдө кыскарат деп күтүлүүдө. Учурда Сырдарыя дарыясынын жогорку агымындагы, коңшу мамлекеттердин аймагында жайгашкан суу сактагычтардагы суунун көлөмү өткөн жылдын

Токмоктогу "Космос" кинотеатры 1 млн 550 миң долларга модернизацияланды

Токмоктогу "Космос" кинотеатры 1 млн 550 миң долларга модернизацияланды

Токмок шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөн “Космос” кинотеатрынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан (РКӨФ) билдиришти. Долбоордун алкагында РКӨФ 1 млн 550 миң АКШ долларын бөлүп берген. Бул каражат Кыргызстандын кичи жана орто шаарларындагы — Баткен, Чолпон-Ата, Кербен, Араван, Беловодск жана Токмок шаарларындагы алты кинотеатрды реконструкциялоого багытталган. Кинотеатр 1973-жылы курулуп, көп

Сосновка, Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында былтыр 300 млн 266 миң  сом чогулган

Сосновка, Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында былтыр 300 млн 266 миң сом чогулган

Сосновка менен Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында QR-код төлөм системасы аркылуу 2025-жылы жалпы 300 млн 266 миң сом жыйым чогулганын  Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,48%га көп. Буга чейин калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында көзөмөл-өткөрүү пункттарын

Кыргызстан ТИМи АКШ визасы маселесин чечүү жолун издеп жатат

Кыргызстан ТИМи АКШ визасы маселесин чечүү жолун издеп жатат

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчисине республиканын жарандарына виза берүүнүн татаалдашканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун негизги темасы кыргызстандыктар үчүн B-1/B-2 категориясындагы визаларды тариздөөдө АКШ тарабынан киргизилген жаңы талаптар болду. Медер Абакиров бул чаралар ишкерлер ортосундагы байланыштарды кыйындатып, соода-экономикалык алакалардын өнүгүшүнө