Сокулукта мыйзамсыз таштанды төгүлгөн 8,5 гектар жер аныкталды
    Сокулук районунун аймагында мыйзамсыз таштанды төгүү фактысы катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Министрликтин Чүй регионалдык башкармалыгына жергиликтүү тургундардан муниципалдык автоунаалар мыйзамсыз таштанды төгүп жатканы тууралуу кайрылуу түшкөн. Маалыматтын негизинде 2025-жылдын 4-октябрында адистер жеринде текшерүү жүргүзүп, Күнтуу айыл өкмөтүнүн Токбай айылынын чыгыш тарабында жалпы аянты 8,5 гектар болгон мыйзамсыз таштанды төгүү жайын аныкташты.
Учурда айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Экология жана техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилди.