Түптө 210 млн сомго бала бакча курулду
    Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылында 275 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Имарат эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзөт жана бардык заманбап шарттар менен жабдылган.
Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 210 миллион сомго жасалган. Долбоорду ишке ашыруу Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлдү.



