Кепилдик фонд ISO 9001:2015 стандарты боюнча байкоочу аудиттен ийгиликтүү өттү

Кепилдик фонд ISO 9001:2015 стандарты боюнча байкоочу аудиттен ийгиликтүү өттү

2025-жылдын 15–16-октябрында «Кепилдик фонд» ААКсы эл аралык ISO 9001:2015 стандартынын талаптарына ылайык сапатты башкаруу тутумунун биринчи байкоочу аудитинен ийгиликтүү өттү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында сертификаттын аракет мөөнөтү дагы бир жылга узартылды. Бул уюмдун ишмердүүлүгүнүн жогорку деңгээлде уюштурулганын, ички процесстердин натыйжалуулугун жана сапат принциптерине берилгендигин ырастайт.

Менеджмент системаларын сертификаттоо органы «CERT International» «Кепилдик фонд» ААКсынын жамаатын «Ишкер субъекттерине индивидуалдык жана портфельдик кепилдиктерди берүү» багыты боюнча аудиттен ийгиликтүү өткөнү менен куттуктап, жогорку башкаруу маданиятын жана сапат принциптерине берилгендигин белгиледи.

ISO 9001:2015 бул - эл аралык деңгээлде таанылган сапатты башкаруу стандарты. Ал ар кандай өлчөмдөгү жана тармактардагы уюмдарга өз ишмердүүлүгүн жакшыртууга, кардарлардын күтүүлөрүн канааттандырууга жана сапатты сактоого болгон берилгендигин көрсөтүүгө жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы пайда болушу мүмкүн

Кыргызстанда кинопавильон жана Dolby Atmos студиясы пайда болушу мүмкүн

Учурда прокаттык күбөлүктөрдүн дээрлик 70%ын жергиликтүү кинопродюсерлер алып жатышканын журналисттерге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Ошондой эле министр Кыргызстанда кинопавильон куруу ниети бар экенин айтып, бул демилгени өлкө жетекчилиги колдогонун белгиледи. Маданият министрлиги Dolby Atmos үн жаздыруу студиясын түзүүнү да пландап жатат. "Баарына

Кыргызстандык балбандар “Yaşar Doḡu”-2026 эл аралык турниринде жеңишке жетишти

Кыргызстандык балбандар “Yaşar Doḡu”-2026 эл аралык турниринде жеңишке жетишти

Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yaşar Doḡu”-2026 турнири жыйынтыкталды. Анын жыйынтыгында кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алды: 2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло. КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, турнирдин жеңүүчүлөрү болуп 65 кг салмак категориясында Билол Шарип

Меркурий, Венера, Марс планеталары 22-январда Күнгө абдан жакындайт

Меркурий, Венера, Марс планеталары 22-январда Күнгө абдан жакындайт

22-январга карата Жерге эң жакын үч планета — Меркурий, Венера жана Марс — Күнгө максималдуу жакындап, асманда геометриялык фигура болуп тизилерин Россия Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди. Окумуштуулардын маалыматына ылайык, 22-январда Күн жана үч планета капталы болжол менен 2–3 градуска жеткен дээрлик туура ромб же крест формасын

2025-жылы ветеринардык иш-чаралардын планы 104% аткарылды

2025-жылы ветеринардык иш-чаралардын планы 104% аткарылды

КРдагы ветеринардык эмдөө, диогностикалык изилдөөлөр жана мите курттардан арылуу ишчаралары 2025-жылдагы планы 104% аткарылды. Мындай маалыматты КРнын суу ресурстары, айыл чаба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов бүгүн “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Адистин айтымында 2025-жылдын жыйынтыгы