Меккеде кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады

Меккеде кыргызстандык зыяратчылар үчүн акысыз мейманкана курула баштады

Мекке шаарында Кыргызстандын жарандары үчүн акысыз мейманкана куруу иштери башталганын жана ал жерде зыяратчылар жана студенттер жайгаша алышарын Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат. Жаңы имарат Сауд Арабиясына келген кыргызстандыктардын, анын ичинде ажылык сапарга баргандардын жана билим алуу максатында барган жарандардын акысыз жашоосу үчүн арналат.

Ошол эле учурда курулуштун аяктоо мөөнөтү, каржылоонун көлөмү жана объектти пайдаланууга берүүнүн күнү азырынча тактала элек.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мейманкананы андан ары башкаруу жана жайгаштыруу тартиби боюнча расмий комментарийлер берилген жок.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күн болобу?

Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күн болобу?

КРнын Министрлер Кабинети Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Аталган документ айрым аймактардагы коомдук муктаждыктарга жана жашоо-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүнө ыкчам таасир этүүнүн жаңы механизмин апробациялоо максатында иштелип чыккан. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Кыргыз делегациясы Сингапурда каржы институттары менен жолугушту

Кыргызстандын өкүлдөрү Сингапурда эл аралык рейтинг агенттиги, каржы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууларда Кыргызстандын экономикалык өсүшү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана эл аралык капиталга чыгуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Moody’s өкүлдөрүнө өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, өнөр жайдын, туризмдин өнүгүшү,

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте этке үстөк акы кошпой сата турган 10 көчмө соода унаасы ишке кирет

Бишкекте калкка жеткиликтүү баада эт сатуу үчүн заманбап көчмө фудтрактарды ишке киргизүү долбоору башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, фудтрактар "Кыргыз Агрохолдинг" тарабынан даярдалып, калаа мэриясы менен биргеликте шаардын бардык райондоруна жайгаштырылат. Сыноо иретинде 10

Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Жергиликтүү бийлик аймактарда кошумча дем алыш күндөрүн белгилей алат

Президент Садыр Жапаров айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2026-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин Министрлер кабинетине тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу аркылуу айрым аймактарда кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө укугу