ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды дропперликке байланышкан мыйзамсыз аракеттерден сак болууга чакырды.

Дроппер – бул үчүнчү жактардын өтүнүчү менен өзүнүн банктык карталарын, эсептерин, электрондук капчыктарын же жеке маалыматтарын кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын которуу, накталай акчага айлантуу же жашыруу максатында пайдаланууга берген адам.

"Жеңил киреше" сунуштары көбүнчө социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу таратылат. Банктык реквизиттерди, SIM-карталарды же онлайн-банкингге кирүү мүмкүнчүлүгүн үчүнчү жактарга берүү, ал тургай акчанын мыйзамсыз экенин билбесеңиз да, кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн.

ИИМ жарандарды шектүү сунуштардан баш тартууга жана алдамчылардын тузагына түшпөөгө чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында укук коргоо бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын 1-чейреги боюнча жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, отчеттук мезгилде контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 4 861 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталды. 4 718 укук бузуу иши козголуп, алардын жыйынтыгы

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты. Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты: "Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Жыл башынан бери валюталык интервенциялардын көлөмү 893,45 млн долларды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. "Абсолюттук көрсөткүчтө бул сумма мурунку жылдарга караганда жогору. Бирок Кыргыз Республикасынын экономикасы акыркы 4 жылда жылына туруктуу түрдө 10% өсүп жатат. Реалдуу сектордогу жүгүртүүнүн олуттуу көбөйүшү тышкы соода

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

2026-жылдын 22-апрелине карата өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери эл аралык резервдер 4,7%га көбөйгөн.   Бул көрсөткүч өлкөнүн тышкы экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми Улуттук банктын бардык жүргүзүп жаткан