Бишкекте миңдеген жаранга жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бишкекте миңдеген жаранга  жаңы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан “Мурас” турак жай комплексинен 1080 батир ээлерине тапшырылды. Тапшыруу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан билдиришти.

Экинчи этапта 8 блоктон турган, жалпы 64 672 чарчы метр аянтты түзгөн батирлер берилди:

  • 1 бөлмөлүү – 360 батир
  • 2 бөлмөлүү – 432 батир
  • 3 бөлмөлүү – 288 батир
Долбоор жалпы 39 блокту камтып, 4 754 батирди курууну максат кылат. Мурда 986 батир жайгашкан 11 блок пайдаланууга берилген.

Экинчи этаптан кийин тапшырылган батирлердин жалпы саны 2 066ны, калган курулуш көлөмү 2 688 батирдитүзөт. Долбоор 2024-жылы башталган жана болжолдуу наркы 4 млрд 166 млн сом деп бааланган.

Мындан тышкары окуңуз

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомдук 69 объект ишке берилген: 12 мектеп, 13

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media
Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ошто Chevrolet Estocada автолизинг борбору ачылды

Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылышы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Жанарбек Акаев катышты. Буга чейин борбор Бишкекте иштеп келген. Эми шаар мэриясынын демилгеси менен Ошто да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизингге алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Борбор

Ишкер Media