Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга ӨКМдин тик учагы учуп кетти

Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды куткарууга ӨКМдин тик учагы учуп кетти

Бүгүн Сары-Кыр ашуусунда калып калган жаранды эвакуациялоого ӨКМдин тик учагы учуп кетти. Мындан сырткары таң эрте жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкерлери), 6 техника издеп куткаруу иштерин аткарууда.

5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сурагандыгы маалым болгон.

Эске салсак, ашуудагы аталган унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде жабылган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткизилип 5500 сомдон сатылып жатат

Нарын шаарына 500 тонна көмүр жеткизилип 5500 сомдон сатылып жатат

"Кыргызкөмүр" ААКнын башкы директору Кайрат Маматов жумушчу иш сапары менен Нарын облусунда болду. Иш сапардын алкагында Кара-Кечеде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көзөмөлдөнүп, калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери текшерилди. Учурда Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулунун калкты көмүр менен камсыздоо иш-аракеттеринин негизинде Кара Кечеден алып келинген 500 тонна

Былтыр 25,5 млн баш мал ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүлгөн

Былтыр 25,5 млн баш мал ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүлгөн

2025-жылы республика боюнча 25 миллион 546 миң баш мал-жандыкка ветеринардык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директорунун орун басары Бакыт Шарапов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн иштердин ичинен

Малды жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары кандай?

Малды жасалма уруктандыруунун артыкчылыктары кандай?

Малды жасалма уруктандыруу көптөгөн артыкчылыктарга ээ болуп, учурда заманбап мал чарбачылыгында кеңири колдонулуп жатканы жана анын негизги артыкчылыктары тууралуу Суу, айыл чарба министрлиги маалымат таратты. Эң мыкты асыл тукум букалардын уругун колдонуу малдын генетикалык сапаттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Туура тандалган урук сүт берүү, эт өндүрүмдүүлүк жана тукум берүү көрсөткүчтөрүн жогорулатат.

Кыргызстанда 12-18-январда жаан, кар жаап, Нарында  -30 градуска чейин суук болот

Кыргызстанда 12-18-январда жаан, кар жаап, Нарында -30 градуска чейин суук болот

ӨКМге караштуу гидрометеорологиялык кызматы ЖМКларга 12–18-январь күндөрү республиканын көпчүлүк аймактарында кар, айрым жерлерде жаан-чачын жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болорун билдирди. Маалыматта Чүй облусунда 12-январда күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн экени айтылат. 13-январда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаайт. 13-январь күндүз жана