Европада бир күндө жаратылыш газы 48%га кымбаттады

Европада бир күндө жаратылыш газы 48%га кымбаттады

Европада жаратылыш газынын баасы бир күндүн ичинде 48%га жогорулаганын Kazinform агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынан кийин Ормуз кысыгындагы танкерлердин кыймылы дээрлик токтоп калган. Бул кысык дүйнөлүк энергетикалык ресурстарды жеткирүүдө стратегиялык мааниге ээ. Жеткирүү чынжыры үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуу газдын баасына дароо таасирин тийгизген.

Нидерланддагы TTF виртуалдык соода аянтчасында апрель айында жеткириле турган газдын баасы 2-мартта бир мегаватт-саат үчүн 47,2 еврону түздү. Ал эми 27-февралда баа 31,95 евро болгон. Ошентип, баа мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 48%га өстү.

Мындан тышкары, Иран тараптан учурулган дрон Катардагы Рас-Лаффан өнөр жай шаарындагы Qatar Energy компаниясынын энергетикалык объектисине тийгенден кийин, компания суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүнү убактылуу токтотконун жарыялаган. Бул дүйнөлүк рынокто суюлтулган газды жеткирүү азайышы мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.

Ормуз кысыгы Перс булуңун Оман деңизи жана Индия океаны аркылуу дүйнөлүк рынок менен байланыштырган маанилүү суу жолу болуп эсептелет. Дүйнөдөгү суюлтулган газ экспортунун болжол менен 20%ы ушул кысык аркылуу өтөт. Катар — аталган газдын ири экспорттоочуларынын бири жана анын дээрлик бардык экспорту дал ушул жол аркылуу жөнөтүлөт.

Ошондой эле Европадагы газ сактагычтардын 30%га төмөндөп кеткени баанын өсүшүнө кошумча таасир этүүдө. Сактагычтардагы газ азайган сайын Европа эл аралык рыноктон көбүрөөк көлөмдө суюлтулган газ сатып алууга муктаж болууда.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media