"Кыргыз темир жолу" жүк ташууну санарип форматка өткөрүүдө

"Кыргыз темир жолу" жүк ташууну санарип форматка өткөрүүдө

Санариптештирүү темир жол тармагын өнүктүрүүнүн маанилүү багыты болуп саналат. Бул алкакта "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасы жүк ташуу процессин автоматташтырууга багытталган жаңы санариптик системаны киргизүүдө.

Учурда ишканада жүк ташуулардын бардык этаптарын бириктирген "Ташуу процессинин бирдиктүү модели" программасы этап-этабы менен ишке киргизилип жатат. Система жүк ташуунун бардык процесстерин бир платформада жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Анын алкагында Турксиб бекетинде вагондорду кабыл алуудан тартып, андан ары өткөрүп берүүгө чейинки операциялар автоматташтырылууда.

Жүк жөнөтүүчүлөр жана жүк алуучулар үчүн railway.gov.kg сайтында Жеке кабинеттер ишке киргизилген. Алар аркылуу кардарлар арыздарын онлайн тариздеп, алардын статусун көзөмөлдөй алышат жана темир жол менен аралыктан иш алып барышат.

Жаңы системанын киргизилиши документтерди тариздөө убактысын эки эсеге кыскартууга, каталардын тобокелдигин азайтууга жана иштин ачыктыгын жогорулатууга шарт түзүүдө.

Программанын негизги артыкчылыктары:

  • вагондордун токтоп туруусун эсепке алуу жана жыйымдарды автоматтык эсептөө;
  • бекеттик отчетторду автоматтык түзүү жана кирешелерди көзөмөлдөө;
  • кол менен маалымат киргизүүдөн улам жаралган каталарды жоюу;
  • кайталанма операцияларды автоматташтыруу;
  • кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана процедураларды тездетүү.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media