Балык чарбаларында ветеринардык жана биологиялык талаптар текшерилди

Балык чарбаларында ветеринардык жана биологиялык талаптар текшерилди

4-7-ноябрда мамлекеттик токой фондуна таандык Токмок дарыясынын куймасында жайгашкан балык чарба субъекттеринде пландык мониторинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Балык өнөр жайы комплекси департаменти, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы, ошондой эле Ветеринария, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын адистери тарабынан уюштурулду.

Мониторингдин алкагында балык чарбалардын ишмердүүлүгү бааланып, ветеринардык-санитардык жана биологиялык талаптардын сакталышы текшерилди. Ошондой эле суу объекттеринин гидрохимиялык көрсөткүчтөрү өлчөнүп, алынган маалыматтар талданды.

Бул иш-чаранын негизги максаты — балык чарба объекттеринде экологиялык коопсуздукту камсыздоо, балык продукциясынын сапатын көзөмөлдөө жана суу ресурстарынын биологиялык балансынын сакталышын камсыз кылуу.

Мониторингдин жыйынтыгында тиешелүү сунуштар берилди жана балык чарбаларга талаптарды сактоону камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

Кыргызстандын фермерлери! Ким мыкты экенин далилдөөгө даярсыздарбы?

"Айыл Банк" 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турчу "Айдоо Фест – 2026" фестивалынын алкагында республика боюнча жер айдоо ачык чемпионат жарыялайт. Фестивалдын алдында өлкөнүн аймактарында чемпионаттын регионалдык тандоо турлары өткөрүлөт. Анда мыкты механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтө алышат. Регионалдык этаптардын жеңүүчүлөрү

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

БШКнын комиссия курамы кыскартылса 2 млн сом үнөмдөлөт

Тынчтык Шайназаров  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы — 10-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кеткен чыгымдар тууралуу айтып берди. Комитет Боршайкомдун курамын 12 мүчөдөн 7 же 8 мүчөгө чейин кыскартууну караган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын айтымында, учурда комиссия 12 мүчөдөн турат. Төрага жана анын эки орун

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

"Чоң жетилик" мунай корлорунун бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам пайда болгон энергетикалык кризиске байланыштуу "чоң жетиликтин" (G7 – Англия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Японии) каржы министрлери мунай корлорунун (запастары) бир бөлүгүн бошотууга даяр экенин билдиришти. Бирок бул боюнча акыркы чечим али кабыл алына элек. "Биз керектүү чараларды көрүүгө

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

2021-2025-жылдар аралыгында тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы өлкө экономикасында системаны түзүүчү негизги тармактардын бири бойдон калууда. 2025-жылдын 12 айында гана бул тармактан түшкөн каражат 65 миллиард сомго