Нарында 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилди

Нарында 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилди

Нарын облус жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда өткөн "Нарын бренд" комитетинин кезектеги жыйынында 11 продукцияга "Нарын бренди" белгиси берилгенин “Кабар” маалымат агенттиги жазды. 

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга "Бир айыл - бир продукт" долбоорунун жетекчиси Акихиса Харагучи, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин KG RESILAND долбоорунун координатору Нурбек Жумалиев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Нарын облусундагы программалык ассистенти Кундуз Курманбаева жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.

Жыйында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн 11 продукция тандалып алынып, “Нарын брендинин” сертификаттары тапшырылды.

Кремдүү топоз рагусу – Кубан Акматов;
“Көчмөндөр” пиццасы -  Жибек Торгоева;
Сафлор майы - Менсетбек Жакшылыков;
“Ак-Талаа” эрте жаздагы балы - Мамбеткалый Артыков;
“Жумгал” эспарцет балы - Асейин уулу Нурдин;
Кургатылган эт - Стан Сайнидинов;
Алма кагы - Улук Мамбеталиев;
“Кызыл туз” ооз чайкагычы- Улан Кудайбергенов;
Сүзмө печеньеси - Асел Нуракова;
Ышталган чучук - Максат Казыбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Бишкек жана Оштун электр тармактарына заманбап эсептегичтер берилди

Ош жана Бишкекке электр жарыгын автоматташтырылган коммерциялык эсепке алуу системасы үчүн жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарына 35 976 даана бир фазалуу жана 6 800 даана үч фазалуу эсептегич, ошондой эле маалыматтарды чогултуу жана берүүчү 820 даана түзмөк жеткирилген. Борбор калаага

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Жаратылыш ресурстары министрлигинин карамагына өттү

Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагынан чыгарылып, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине өткөрүлдү.  Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Кызмат менен кошо анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы да жаңы министрликке өтөт. Эми Жаратылыш ресурстары министрлиги токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу, токой кадастрын

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Улуттук банк накталай рублге байланыштуу кырдаалга түшүндүрмө берди

Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн банктарында накталай орус рубли менен жүргүзүлгөн операцияларга коюлган талаптар күчөтүлүүдө. Бул көрүнүш Кыргызстанда да байкалып, валюта рыногунда рубль менен операция жүргүзгөндөр үчүн көйгөй жаратууда. Эл аралык ЖМКнын маалыматтарына таянсак, Казакстан менен Беларуста айрым банктар накталай рубль менен операциялар үчүн комиссияны 10–20%га чейин жогорулаткан.

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарында президенттик лицейдин курулушунда 443,5 млн сом үнөмдөлдү

Манас шаарындагы "Акылман" президенттик мектеп-лицейиндеги курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, мекемеде 360 орундуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана, мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак жай, лабораториялар, китепкана, 25 метрлик